Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катран айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 16-сентябры № 17/3
“Катран айыл Өкмөтүнүн 2014 жыл-га карата түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү үнөмдөлгөн статьяларды, аткарууга зарыл болгон статьяларга которуу жөнүндө”
Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын чыгыш № 41 16-июнь 2014-жылдагы токтомуна, КР каржы министрлигинин 22.08.2014-ж № 08-1-2-9602. Лейлек райондук каржы бөлүмүнүн 5-август 2014-жылдагы № 102 катынын негизинде, Катран айыл Өкмөтүнүн башчысы А. Исаевдин социалдык обьектилерди 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине карата отун-суу менен камсыз кылуу, жылытуу системаларын электр энегиясынан көмүргө өткөрүү маселесин жана 2014-жылга карата түзүлгөн ТӨП программасындагы иш чараларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 5 гимназия жана Өзгөрүш орто мектептерине көмүр менен жылытуу системасы (системный отопление) курулсун.
2. Көмүр менен жылытуу системасын куруу үчүн 900 000 (тогуз жүз) миң сом акча каражаты үнөмдөлгөн статьялардан тиешелүү статьяларга жылдырылсын. (№__справка уведомление тиркелет)
3. Айыл Өкмөтүндөгү электр энергиясынан, көмүргө өткөн мектептер (Козу-Баглан, №5гимназия,Өзгөрүш) көмүр менен камсыз кылынсын.
4. Көмүргө керектелүүчү акча каражаттары, зарыл эмес статьялардан тиешелүү статьяларга жылдырылсын. (№__ справка уведемление тиркелет)
5. Катран айыл Өкмөтүнүн 2014-жылга түзүлгөн ТӨП программасындагы Баул айылындагы спорт залды куруу, Өзгөрүш балдар бакчасын куруу иш чаралары өзгөртүлүп башка сооружениелерди:
- Баул айылына суу түтүктөрүн орнотуу.
- Өзгөрүш айылына электр линияларын куруу иш чаралары менен толукталсын.
6. Иш чараларды аткаруу үчүн 1 315 000 ( бир миллион уч жүз он беш миң) сом акча каражаты тиешелүү статьяларга жылдырылсын. (№___ справка уведомление тиркелет)
7. Жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э. Айтбаевке милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Шооруковго тапшырылсын.
Катран айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Акматов |