Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIII сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 96
“Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы пайдаланбай жаткан айыл-чарба багытындагы башка түрүндөгү жерлерди өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу ж.б багытындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 13-22Ө137, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 25-июлундагы № 01-22Ө676 каттарын, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун карап чыгып, чегараны бекемдөө максатында Самаркандек айылдык Кенеши III чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Чечек участкасындагы пайдаланбай жаткан айыл-чарба багытындагы башка түрүндөгү 1 га жер аянты өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу ж.б багытындагы жерлер категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл-чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.А.Салиховго тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Орозов |