Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV сессиясы
2014-жылдын 25-августу № 97
“Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаны-Бак айылынын Кулан участогунан 100,0 га жер аянтын инвестиция тартуу максатында Эл аралык Шейх Ахмед бин Обейн аль Мактум фондуна 49 жылга убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн жана “Шейх Ахмед бин Обейн аль Мактум” атындагы Эл аралык инвестициялык фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Самаркандек айылдык Кенеши III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек, Ак-Татыр жана Аксай айыл өкмөттөрүнүн аймагына сугат суу каналын куруу боюнча инвестиция тартуу максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаны-Бак айылынын Кулан участогунан 100,0 га жер аянтын инвестиция тартуу максатында “Шейх Ахмед бин Обейн аль Мактум” атындагы Эл аралык инвестициялык фондуна 49 жылга убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул жер аянтына тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.К.Салиховго тапшырылсын.
Самаркандек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Орозов |