Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV сессиясы
2014-жылдын 25-августу № 98
“Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоору негизинен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жонундогу Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тузулгон Уставынын долбоору жергиликтүү жамааттарда талкууланып жактырылган. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Самаркандек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставы озгортуулор жана толуктоолор киргизилип бекитилсин.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитип берүү жагы Баткен облустук Юстиция башкармалыгынан суралсын.
3. Жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышын жамааттарга жеткируу жана аткарылышын козомолдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Аппазовго жана жооптуу катчысы С.Мамаяровага милдеттендирилсин.
Самаркандек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Орозов |