Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябры № 7/1
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1.2.3-топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында K3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнундө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн "Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын.
- Мүлк салыгынын 1.2.3.4 топтогу объектилерин;
- КЗ зоналык коэффициента 1 өлчөмундө бекитилсин:
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөнүүнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык КЗ зоналык коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Кум-Дебе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Тургуналиева |