Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 22-майындагы ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2000-жылдын 27-марты ПУ № 64
Кыргыз Республикасында түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга жана сатууга контролдукту күчөтүү жөнүндө
Республиканын экономикасына кыйла зыян алып келген, телекоммуникация жана электр энергетика жабдууларын, каражаттарын уурдоолор көбөйгөндүгүнө, ошондой эле бул жагын тартипке салуу жөнүндө граждандардын кайрылууларына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдар жана юридикалык жактар түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултушун, сатып алышын жана сатышын тартипке салуу боюнча иш-чаралардын планын он күндүк мөөнөттө иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте телекоммуникация жана энергетика жабдууларын, каражаттарын уурдоо фактыларын четтетүү үчүн күчөтүлгөн чараларды көрсүн.
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А.Акаев |