Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы
2014-жылдын 30-декабры № 1
“Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезексиз XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» шаардык кеңештин 2014-жылдын 15-октябрындагы № 7 токтумунун № 1 тиркемесине ылайык Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 6595,0 миң сом акча каражаты Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын жана жергиликтүү бюджеттин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен каржылансын деп толукталсын.
2. «Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2015-2016 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» шаардык кеңештин 2014-жылдын 12-мартындагы № 1-токтомунун негизинде киреше бөлүгүндө автотранспортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымга бекитилген 6640,0 миң сом (план) Кыргыз Республикасынын финансы Министрлиги менен такталгандыгы эске алынып, бекитилген пландан кыскартуу жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планынан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен каржыланган чыгашаларды эске алып, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлиги тарабынан киреше бөлүгүнүн жеткирилген планы жактырылсын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом http://dem.kg сайтында жана массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н. Нишанов |