Редакцияот 03.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган XIV

сессиясынын

2014-жылдын 3-сентябры № 14/2

“Элди медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө”

 

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элди медициналык жактан тейлөөдө бир катар кемчиликтердин кетирилип жаткандыгы белгиленсин.

2. Атайын түзүлгөн графиктин негизинде ар бир айылга айына эки жолудан барып, элди медициналык жактан тейлөө ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага тапшырылсын

3. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, элди маданияттуу тейлөө башкы дарыгер М Орозалиевага милдеттендирилсин.

 

Талды-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж Молоев.