Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган XIV
сессиясынын
2014-жылдын 3-сентябры № 14/3
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күзгү оруп жыюууга карата комбайндын ремонтун тез арада сапаттуу бүткөрүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
2. Дан эгиндеринин коромжусуз өз убагында оруп жыйылышын уюштуруу жетектөөчү адис А Чукулуковко, айыл башчылар Т Курманбаевка, Ж Ырыскелдиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси А Чукулуковко тапшырылсын.
Талды-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Молоев. |