ТоктомКүчүндө

Баш-кайынды айылдык кеӊешинин 2014-жылдын 26-апрелиндеги № III-2 «Баш-Кайыӊды айыл өкмөтүнүн жайыт комитети боюнча 2014-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция26.04.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАШ-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайынды айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги сессиясы

2014-жылдын 26-апрели № III-2

“Баш-Кайыӊды айыл өкмөтүнүн жайыт комитети боюнча 2014-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”

 

Депутаттардын Баш-Кайыӊды айылдык Кеӊешинин кезектеги үчүнчү сессиясы жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджетин угуп жана талкуулап

Депутаттардын Баш-Кайыӊды айылдык Кеӊешинин үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кайыӊды айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2014-жылга бюджети бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин бодо малга жана майда жандыктарга салык төлөөлөрдү төмөндөгүдөй тартипте:

-Малы месхозго чыккандар үчүн төмөндөгүдөй акы төлөнөт кой, эчкиге 5-00 тыйын, уйга 63-00 тыйын, жылкыга 63-00 тыйын.

-Өзүбүздүн жерге баргандарга

              Кой-12-00 сом, эчкиге -12-00 сом

              Уйга 63-00 тыйын жылкыга 63-00 сом

-Ак-Сай өрөөнүндөгү жайытка

              Кой –эчки 20-

00 сом, жылкы 100-00 сом

              Топоз 100-00 сом, уй 100-00 сом

-Жайыт жерлерди пайдалангандарга сотыхына 10-00 сомдон бекитилсин.

 

Төрага

Т. Жунусов