Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫӉДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыӊды айылдык Кеӊешинин XVII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2013-жылдын 27-сентябры № 7/2
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Баш-Кайыӊды айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Баш-Кайыӊды айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Баш-Кайыщды айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
-Айыл чарба жерлерин жана пайдаланган үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдаланган үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдаланган үчүн жер салыгы
-1,2,3,4 тайпадага мүлк обьектилерин мүлк салыгы
2. Кз-зоналдык коэфиценти 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестринде жүргүзүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыӊды айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Жөнөтүлсүн: Нарын областык юстиция башкармалыгына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына, мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына, туруктуу комиссияларга, иш кагаздарына.
Төрага | Т. Жунусов |