Редакцияот 24.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 24-июну № 3

“Н.Кубатовдун кайрылуусу жөнүндө”

 

Айылдык кенештин депутаты Кубатов Нурсейиттин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айылынын Чыгыш тарабындагы карьерден тышкары топурак алгандарга 5000 (беш мин) сом өлчөмүндөгү айып салынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеӊештин төрагасы

К.Жорготаев