Редакцияот 20.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеӊешинин 30-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2013-жылдын 20-апрели № 2

“Жайыттарды туура пайдалануу жөнүндө”

 

Акназаров айылдык аймактык кеӊешинин № 30 чакырылыштагы депутаттарынын 2013-жылдын 20-апрелиндеги кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 26.01.2009-жылдагы №30 мыйзамынын 5,6,10-беренелеринин, KP Өкмөтүнүн 19.06.2009-жылдагы №386 токтомунун негизинде

TOKTOM КЫЛАТ:

1. Акназаров айылдык аймагындагы Жайыттарды жайыт билеттери жок пайдаланууга уруксат берилбесин.

2. Башка бирөөнүн жайытына уруксатсыз кирип кетсе, ветеринардык кароодон өтпөсө 5,0 мин сом өлчөмүндө айып төлөнүп, жайыттан чыгарып салынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Акназаров айылдык

Кеӊешинин төрагасы

К. Жорготаев