Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-январы № 6
Акназаров айылдык аймактык кенештин 30-чакырылыштагы депутаттарынын 2013-жылдын 26-январындагы үчүнчү сессиясы, Кок-Таш айылынын тургундары Найманбаев Мадиярдын жана Шайдылдаев Эмилдин «2013-жылдын 12-январь күнү болгон катуу шамаалдан тарткан чыгымдарына жардам берүү жөнүндөгү» кайрылууларын карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 12-январь күнү болгон катуу шамаалдан зыян тарткан Кок-Таш айылынын тургундары Шайдылдаев Эмилге жана Найманбаев Мадиярга айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Материалдык чыгымдарын эсептеп, жардам берүү жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн ФЭБуно тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеӊештин жер жана муниципалдык менчиктер боюнча комиссияга тапшырылсын.
Акназаров айылдык Кеӊешинин төрагасы | К. Жорготаев |