Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 7-майы № 191-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасы-нын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тар-бия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекет-тик агенттиктин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (БУУБФ)ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө протоколдун тир-келген долбооруна макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасында ювеналдык юстиция тутумун реформалоону ишке ашыруу чөйрөсүндө: жашы жетпеген балдар үчүн жазалоо тутумунан социалдык камсыз кылууга негизденген калыбына келтирүү тутумуна алып келүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (БУУБФ) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги (мындан ары - Адилет ми-нистрлиги) Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү,32 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары - Жогорку сот) Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги(мындан ары - Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдардыкоргоо боюнча мамлекеттик агенттик) Кыргыз Республикасы, 720001 Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17дарегинде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (мындан ары - БУУБФ) Кыргыз Республикасы; Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 160 дарегиндежайгашкан төмөнкү түшүнүшүүгө келишти. I. Протоколдун максаты: Бул Протоколдун максаты мындан ары Тараптар деп аталуучу, КыргызРеспубликасынын Адилет министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогоркусотунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тигинин жана БУУБФнун ортосундагы өз ара милдеттенмелерин, Кыргыз Рес-публикасында Ювеналдык Юстиция(*) тутумунда эл аралык милдеттенмелергежана стандарттарга ылайыкташттыруу үчүн реформалоону колдоодогу кызмат-таштык боюнча тариздөө болуп саналат. II. Кызматташтык үчүн негиз: Тараптардын ортосунда кызматташтыктын негизи болуп "Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун2005-2010-жылдарга Кызматташуу Программасы Иш-аракеттердин планы жанаБириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (БУУБФ) жана Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуу(1994-жылдын 25-октябры, Бишкек ш.) саналат, булардын жоболору жана бе-ренелери ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Протокол үчүн артыкчылыктуу маа-ниси бар. 2005-2010-жылдарга Кызматташтык Программасы Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн жана БУУБФнун балдарды зомбулуктан, иштетүүдөн, ырайымсыз ма-миле кылуудан, кароосуз калуудан жана басмырлоодон коргоо боюнча мил-деттенмелерин чагылдырат. Ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдар,кароосуз калган балдар мекемелеринде жашаган балдар, иштеген балдар жа-на мыйзам менен конфликте болгон балдар үчүн кызмат көрсөтүү саясатынреформалоого айрыкча көњүл бурулат. III. Өз ара милдеттенмелер: Ушул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Протоколдун жоболорун эске алып, Та-раптар жалпы максаттарды көздөөгө жана бекем кызматташтык түзүүгөөздөрүнүн милдеттенмелерин ырасташат. Тараптар Кыргызстандагы Балдар укуктары боюнча комитеттин БУУнунГенералдык Ассамблеясынын 1989-жылдын 20-ноябрындагы 44/25 Резолюциясыменен кабыл алынган Балдар укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун,атап айтканда, 37, 40 жана 39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын улут-тук мыйзамдарына жана практикага, ошондой эле ушул тармактагы эл аралыкстандарттарга толук интеграциялоо үчүн чараларды көрүүгө карата реко-мендацияларын таанышат, алар: - Жашы жете элек балдарга карата сот адилеттигине жиберүүгө тийиш-түү БУУнун минималдык стандарттык эрежелери "Пекин эрежелери", (БУУнунГенералдык Ассамблеясынын 1985-жылдын 12-октябрындагы 40/33 резолюциясыменен кабыл алынган). Бириккен Улуттар Уюмунун жашы жете элек балдар арасындагы кылмыш-туулуктун алдын алуу үчүн жетектөөчү принциптери "Эр-Рияд жетектөөчүпринциптери" (БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 1990-жылдын 14-декабрын-дагы 45/112 резолюциясы менен кабыл алынган). - Эркинен ажыратылган жашы жете элек балдарды коргоого тийиштүүБУУнун эрежелери (БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 1990-жылдын 14-де-кабрындагы 45/113 резолюциясы менен кабыл алынган). Андан сырткары Адилет министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жогоркусоту жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тиги жана БУУБФ мамлекеттик жана улуттук программаларда камтылган прин-циптерди жана жоболорду өздөрүнүн мандаттарына ылайык алдыга жылдыруугамакул: - Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоонун2010-жылга чейин "ҮМҮТ" Улуттук программасы (Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген); - Кыргызстандын балдарынын укуктарын ишке ашыруу боюнча 2010-жылгачейинки "Жањы муун" Мамлекеттик программасы (Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2001-жылдын 14-августундагы № 431 токтому менен бекитилген. IV. Милдеттери: Кыргызстанда негизги ушул эл аралык шаймандарды күчтөө үчүн Тарап-тар төмөнкүдөй максаттарга жетишүү үчүн кызматташууга макул: I. Ювеналдык юстиция тармагындагы долбоорлордун, донорлордун жанакызыкдар жактардын өз ара аракетин күчөтүү төмөнкүдөй үч фазагабөлүнөт: - Биринчи фаза жашы жете элек балдардын арасындагы укук бузуулардыболтурбоону болжолдойт. Бул фаза "тобокелдик топторундагы" балдарга жа-на үй бүлөлөргө социалдык жана педагогикалык жардамды, керек болсо укукбузууга баруу алдында турган жашы жете элек балдарды жекече камкордуккаалууга чейинки жардам берүүнү камтыйт. - Экинчи фаза жашы жете элек өспүрүм шектүү деп табылган учурундабашталат жана жаза дайындалганга же ага таасир берүү чарасы колдонул-ганга чейин улантылат. - Үчүнчү фаза жашы жете элек бала түзөтүү мекемесинде болгон кез-ден же ал бошотулган учурдан баштап аны реинтеграциялоо процессин кам-тыйт. 2. Эл аралык конвенцияларга жана стандарттарга ылайык, мыйзам ме-нен конфликтеги жашы жете элек балдарга карата Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын өркүндөтүү. 3. Мыйзам менен конфликтеги жашы жете элек балдар үчүн кылмыш-жазажоопкерчилигин альтернативдүү түрдөгү түзөтүү таасирлерине алмаштыруужолу менен эркининен ажыратуунун алдын алуу. 4. Укук коргоо, сот органдары жана социалдык жактан камсыздоо ор-гандары менен биргелешип укук коргоо, сот органдарынын жана социалдыкжактан камсыздоо органдарынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо институт-тук потенциалын жакшыртуу маселелерин кароону камсыздоо. 5. Биринчи жолу соттолгон же болбосо майда кылмыштар үчүн соттол-гон балдарды реабилитациялоо артыкчылыгы менен жашы жете элек эркекбалдар жана кыздар үчүн пенитенциардык тутумдун стандарттарынөркүндөтүү. V. Тараптардын милдеттенмелери § 1 БУУБФнун милдеттенмелери Каржылоонун болушуна жана Тараптардын ортосундагы өз ара макулда-шылган иш-аракеттерге жана артыкчылыктарга ылайык, БУУБФ алдыга коюлганмаксаттарга жетиш үчүн Адилет министрлигине, Кыргыз Республикасынын Жо-горку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбияжана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттикагенттигине жана башка таламдаш өнөктөргө төмөнкүдөй тармактарда каржы-лык жана техникалык жардам көрсөтөт: 6. Балдар укуктары жөнүндө Конвенцияга (БУК) жана эл аралык стан-дарттарга ылайык мыйзамдарды жана саясатты реформалоо: Жарандык коомдунөкүлдөрү менен бирдикте БУКга, эл аралык стандарттарга жана Рим шаарын-да 1950-жылдын 4-майындагы Адам укуктарын жана Негизги эркиндигин кор-гоо боюнча Европалык Кењештин Конвенциясына ылайык, (1970-ж. 21.09.,20.12.1971-ж., 1.01.1990-ж., 6.11.1990-ж. жана 11.05.1994-жылдагыөзгөртүүлөр менен) балдар үчүн калыбына келтирүүчү сот акыйкаттыгынынстандарттарын жана принциптерин илгерилетүү максатында жашы жете элекбалдар үчүн сот акыйкаттыгына жиберүүгө жањы мыйзамдардын түзүмү иште-лип чыгат. 7. Укук коргоо, сот органдарынын жана социалдык жактан камсыздообоюнча органдардын институттук потенциалын жакшыртуу: Калыбына кел-тирүүчү сот акыйкаттыгынын жоболорун аткаруудагы жањы мыйзамдардынтүзүмүн тажрыйбада колдонуу жана институтташтыруу үчүн эл аралык таж-рыйбаларга ылайык жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин, сот жанаукук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билимдери жана иш тажрыйбала-ры Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Сот ДепартаментининСоттор борборунун базасында жана Кыргыз Республикасынын Адилет минист-рлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Окуу борборунда жањыр-тылат. 8. Пенитенциардык мекемелердеги жашы жете элек эркек балдардын жа-на кыздардын жашоо шарттарын жакшыртуу. Кыргызстандагы Балдар укуктары боюнча комитеттин сунуштарын жол-доп, БУУБФ абактардагы жашы жете элек кыздарды соттолгон аялдарданбөлүү боюнча бардык чараларды көрүүгө жана алардын укуктарына жана та-тыктуулугуна шарттарды жана ыњгайлуу жай түзүү үчүн Адилет министрлиги-не колдоо көрсөтөт. Анын натыйжасында мыйзам менен конфликте болгон жа-шы жете элек балдар үчүн, алдын ала камоодогу шарттарды жана ыњгайлуужайды жакшыртууга жол берилет. 9. БУУБФ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин ЖАББнын № 14жана N 2 мекемелеринде жаза өтөп жаткан жашы жете элек балдардын шартынжакшыртууга колдон келген жардамын берет. 10. Калыбына келтирүүчү сот акыйкатттыгы боюнча жок дегенде бирпилоттук долбоорду киргизүү: Бишкек шаарынын бир районунда пилоттукдолбоор ишке киргизилет, ал сот процессинен калыбына келтирүүчү сотакыйкаттыгынын тутумуна мыйзам менен конфликте болгон жашы жете элекбалдар үчүн "кылмыш-жаза жоопкерчилигин альтернативдүү түрүндөгүтүзөтүү таасири менен алмаштыруу" жол-жоболорун бириктирет, ал жердесоттун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыжете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча иштерди кароо үчүнатайын билим алышат: - шарттуу соттуулук; - укук бузуучуну мыйзам менен конфликтүү абалдагы балдар менеништөө тажрыйбасы бар үй-бүлөлөрдүн колуна берүү; - турмуштук жана кесиптик тажрыйбаларга окутуу; - укук бузуучуга, зарыл болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жардамкөрсөтүү сыяктуу, эркинен ажыратуу менен байланышпаган варианттардыөзүнө камтыган чараларга артыкчылык берилет. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн башка географиялык аймактар дакаралышы мүмкүн. § 2 Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин милдеттенмелери 11. Ушул Протоколдун максаттарын ишке ашыруу үчүн түзүлүүчү жумуш-чу топтордун иштерине катышуу. 12. Ушул Протоколго жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мый-замдарына ылайык жашы жете элек балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Ади-лет министрлигинин ЖАББнын N 14 тарбия абагына жана N 2 түзөтүү абагынаЖогорку соттун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жа-на спорт жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик аген-ттиктин жана БУУБФдун киришине мүмкүндүк берүү. 13. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Протокол боюнча ишке ашырылуучубардык чараларды фасилитациялоо. § 3 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун милдеттенмелери 14. Ушул Протоколдун максаттарын ишке ашыруу үчүн түзүлүүчү жумуш-чу топтордун иштерине катышуу. 15. Судьялардын жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызмат-керлери ювеналдык юстиция боюнча атайын окууга катышууга уруксатберүүнү уюштуруу жана керектүү санкция берүү боюнча БУУБФ менен кызмат-таштыгы. 16. Жашы жетпеген балдарды эркиндигинен ажыратууну коомдук иш сы-яктуу жана башка альтернативалык жаза чараларына алмаштыруу принцибинжергиликтүү соттордун бирине жайылтууну аныктоо жана пилоттук долбоор-дун мындан аркы иши боюнча БУУБФ менен кызматташтыгы. § 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин милдеттенмелери 17. Ушул Протоколдун максаттарын ишке ашыруу үчүн түзүлүүчү жумуш-чу топтордун иштерине катышуу. 18. Мыйзам менен конфликте болгон балдардын укугун коргоону жөнгөсалган ченемдик укуктук актылар менен БУУБФну менен камсыздоо. 19. Мыйзам менен конфликте болгон балдар менен иштөө боюнча Мето-дикалык рекомендацияларды иштеп чыгууда, балдар жөнүндө колдонуудагымыйзамдарга толуктоолорду, сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын че-немдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууда БУУБФке жардамкөрсөтүү. VI. Тараптардын ортосунда байланыштарды кармоо тартиби Тараптар өздөрүнүн Атайын өкүлдөрүн дайындашат, алар ушул Прото-колго ылайык каралган Протоколду ишке ашырууга байланышкан маселелербоюнча Тараптардын атынан ыйгарым укуктарга ээ. 20. БУУБФнун өкүлү Гульнара Бурханова, БУУБФ, Балдар укуктагы бо-юнча программалардын координатору болуп эсептелет. 21. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин өкүлү болуп Кыр-гыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазык-аткаруу тутумун рефор-малоо башкармалыгынын жетекчиси Марат Жаманкулов эсептелет. 22. Жогорку соттон өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку со-тунун төрагасынын жардамчысы Азиз Досмамбетов эсептелет. 23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тиктин өкүлү болуп Балдарды коргоо боюнча департаментинин директоруТолкун Бекбулатова эсептелет. VII. Корутунду жоболор 24. Бул Протокол Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекет-тик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы бил-дирүүнү алышкан күндөн баштап күчүнө кирет. 25. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана толуктоолорөзүнчө протоколдор менен таризделет жана бул Протоколдун ажырагысбөлүгү болуп эсептелет. 26. Тараптардын ортосунда бул Протоколдун жоболорун аткарууга жанаколдонууга байланыштуу пайда болгон талаш маселелер сүйлөшүүлөр жанаконсультациялар жолу менен чечилет. 27. Бул Протокол Тараптардын бири экинчи Тараптан ушул Макулдашуу-ну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү алганкүндөн алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот, мында бул Протоколдун кол-донулушун колдонууну токтотуу ниети жөнүндө билдирген Тарапка гана ток-тотулат, калган Тараптарга бул Протокол колдонула берет. Ушул 2008-жылдын "___" ____________ шаарында кыргыз, орус жанаанглис тилдеринде төрт бирдей нускада түзүлдү жана бардык тексттер бир-дей юридикалык күчкө ээ. (*) Ювеналдык юстиция өзүнө тийиштүү мыйзамдарды, мамлекеттик жанабашка органдардын комплексин, ошондой эле эрезеге жете электердин укук-тарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча уюмдардын комплексинкамтыган адистештирилген сот системасынан турат. Бул системанын курамы-на мамлекет атайын укук берген адистешкен судьялар, прокурорлор, мили-ция кызматкерлери, ошондой эле адвокаттар жана социалдык психологдоркирет. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде (2006-жылдын7-августундагы № 151) Ювеналдык юстиция "Мыйзам менен чатагы бар 14төн18 жашка чейин балдарга карата сот адилеттигине жиберүү жана социалдыкреабилитациялоо маселелерин камтуучу иш-чаралардын системасы" катарыаныкталат. Кыргыз Республикасынын БУУБФ: Адилет министрлиги __________________________ __________________________ М.Кайыпов Тимоти Шафттер, Кыргыз Респуликасынын БУУБФунун Кыргыз Адилет министри Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Дата: 2008-ж. "____" ________ Дата: 2008-ж. "____" __________ Кыргыз Республикасынын Жогорку соту __________________________ Алиева Дж.С. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Дата: 2008-ж. "____" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги __________________________ Б.Асанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дата: 2008-ж. "____" _________