Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы № 2
Акназаров айылдык аймактык кенештин 30-чакырылыштагы депутаттарынын 2013-жылдын 26-январындагы үчүнчү сессиясы, Акназаров айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык болүмүнүн башчысы Т. Жанкорозованын «айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын» угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Жунусов Узенкул Арстаналиевичтин, айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын даты карап чыгып, кийинки сессияга маалымат даярдоо жагы, айылдык аймактык кенештин финансы жана салык саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенештин төрагасынын орун басары Ж. Уметкановго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | К. Жорготаев |