Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2013-жылдын 18-декабры № 2-3/36
Баткен шаардык Кеӊешинин финансы жана экономика маселелери боюнча түрүктүү комиссиясынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун протоколдорунун жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү Мыйзамынын 3-беренесинин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү Мыйзамынын3-беренесинин негизинде жер салыгы жана 1.2.3 тайпадагы мулк салыгын 2014-жылдын 1 – январынан баштап Баткен шаарынын аймагына киргизилсин.
2. Жер салыгы жана 1.2.3 тайпадагы мулк салыгын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 324-335 –берененин негизиндеги көрсөтмөсү Баткен шаарынын аймагынан алынсын.
3. Баткен шаарынын «Келечек» жана «Кызыл Дон» кварталдарына жер салыгы 1,1 коэфицентке, мүлк салыгы 1,2 кофициентке бекитилсин.
4. Баткен шаарынын Кызыл жол, Базар Башы, Булак Башы кварталдарына жер жана мүлк салыгы 0,9 коэфициентке бекитилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасыныны Адилет министрлигине Мамлекеттик Реестрге киргизү жагы Баткен шаардык Кенештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын Баткен шаардык Кенешинин финансы жана экономика маселелери жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы |
Э. Рахматов |