Редакцияот 23.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кант шаардык кеңешинин 19-сессиясы

 

2014-жылдын 23-декабры № 103/XIX-26

“С.С.С.Р. партиясынын депутатынын ыйгарымдуулугунан ажыратуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жана С.С.С.Р. партиясынын депутаты Зарлыков Б.С.нын оорусуна байланыштуу депутаттык жоопкерчиликтен ажыратуу өтүнүч арызын карап чыгып,Кант шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык депутат Зарлыков Б.С. депутаттык ыйгарымдуулугунан ажыратылсын.

2. Бул токтом кийинки катардагы депутаттын ыйгарымдуулугун таануу үчүн Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А.К. Шайлдабеков