Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 25/1
Үч-Коргон айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин иш планын бекитүү жана Суусамыр жайлоосуна бала-бакча уюштуруу боюнча Жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин иш планын жана бюджетин бекитүү жаны жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимдери менен Жайыт комитетинин төрагасы А.Джумашаевдин билдирүүсүнүн угуп талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин беш жылдык иш план бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2. 2014-жылга Үч-Коргон айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин иш планы жана бюджети бекитилсин(тиркеме тиркелет)
3. Иш планда көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышын колго алуу жагы Жайыт комитетинин төрагасына( А.Джумашаев) милдеттендирилсин
4. Суусамыр жайлоосуна бала бакча уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 25(жыйырма беш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кенешинин төрагасынын орун басарына (М.Дадабаев) милдеттендирилсин.
Үч-Коргон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Курманалиев |