Редакцияот 17.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылдын 17-июлу № 28

Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылына бала-бакча ачуу жөнүндө

Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Чоң-Капка айылына 1-сентябрь 2014-жыл ичинде бала бакча ачуу менен бирге кошумча сметасын түзүү боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айылдык аймагына  караштуу Чоң-Капка айылында бала бакча ачылсын

2. Бала бакча 2 тайпадан түзүлсүн, ар бир тайпада 25(жыйырма беш) баладан бекитилсин, жалпысы 50(элүү) бала менен толукталсын.

3. Ата-энелердин баштапкы  төлөмү (род.фонд) 2000(эки миң)сом, ал эми ай сайын ата-энелерден төлөнүүчү төлөм 500(беш жүз) сомдон бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткаруу жагы бөлүм башчысынын у.м.а. А.Бөлөкбаевага тапшырылсын.

5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Үч-Коргон айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

 

З. Курманалиев