Редакцияот 29.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-октябры № 34

Жийде айылындагы “Жийде” башталгыч мектебинин алгачкы мугалими Таштаналиева Жекеш эжекенин урматына “Жийде ” орто мектебине ысымын ыйгаруу жөнүндө

Үч-Коргон айылдык аймагынын Жийде айылынын “Жийде ” башталгыч мектебинин алгачкы мугалими Жекеш Таштаналиеванын билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгегин баалап “Жийде” орто мектебине ысымын ыйгарууну талкууга салуу менен Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айылдык аймагынын “Жийде” орто мектебине Жекеш Таштаналиеванын ысымы ыйгарылсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн мектепке аты коюлган инсандын  бир туугандары жана уул-кыздарына жашылдандыруу көрктөндүрүү  жана социалдык абалын оңдоо жагы жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Үч-Коргон айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

 

З. Курманалиев