Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 11/76
«Жанчар-Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Ак-Кыя айылында ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн үйүнө суу киргизгендерге уруксат алууга жана үйүнөн ичүүчү сууну пайдалангандар үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-бөлүкчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылында ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн үйүнө суу киргизгендерге
уруксат алууга 3000 сомдон жана үйүнөн ичүүчү сууну пайдалангандары үчүн ар бир жаранга ай сайын 20 сомдон төлөө бекитилсин.
2. Сууну айыл тургундарына киргизип берүү иштери «Жанчар-Булак» ичүүчү
сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Элтуйбасов. |