Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 11/77
«BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясына мүчө болуп кирүү жөнүндө.
Ак-Кыя аймактык өзүн өзү башкаруу коомдук бирикмесинин башчысынын, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя, Сары-Булак айылдары «BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясына мүчө болуп кирүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя, Сары-Булак айылдары
«BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясына мүчө болуп кирүүгө макулдук берилсин.
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя, Сары-Булак айылдары
«BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясына мүчөлүккө кабыл алуу жагы «BIO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын өкүлчүлүгүнөн суралсын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Элтуйбасов. |