Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-октябры № 16/5
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларын жылыштыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы – башкы эсепчи А.Касымованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө» жобонун 20-30 беренесине ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электр энергиясы үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты каралбагандыктан, ар башка чыгымдардан төмөндөгү статьяларга каралсын.
Агартуу тармагынын электр энергиясы үчүн 220,0 м. сом,
Семиз-Бел орто мектебинин окуучуларына ысык тамак берүү үчүн ашканасына керектүү материалдарды алууга 25,0 м.сом,
Баардыгы 245,0 м.сом агартуу тармагына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |