Редакцияот 13.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын кезекcиз XVII-сессиясы

 

2014-жылдын 13-ноябры №  17/3     

Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунуш берүү жөнүндө  

1941-жылы Кара-Тоо айылында туулган Илиязов Токтомуш, 1969-жылы Арсы айылында туулган Рысалиев Сагынбек  учурда элди техника менен тейлешип жылына  200-300 гектарга чейин Кара-Тоо,Чекилдек,Семиз-Бел айылдарынын жана башка коӊшу айыл өкмөттөрүнө чейин барып элдин дан эгиндерин жана чөбүн чаап, элге кызмат көрсөтүшүп  келишет. Сөзү менен да, жүрүм-турумдары менен да  үлгүлүү болуп, эл арасында кадыр барктуу экендигин эске алып айылдык Кеӊешин төрагасы М.Букамбаевдин маалыматын угуп жана  талкуулап  Семиз-Бел айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Тоо айылында туулган Илиязов Токтомуш, Арсы айылында туулган Рысалиев Сагынбектердин талапкерлиги   Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлсүн.

Бул токтомду бекитип берүү Райондук Депутаттардын кошмо жыйынына сунушталсын.

 

Семиз-Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.М. Букамбаев