Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 18/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык жайыт комитетинин 2014-жылга карата аткарган иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы А.Алжанбаеванын 2014-жылга карата аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга карата аткарылган иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын
2. 2015-жылга карата малдын санын тактоо менен малдын башына жараша бюджетти бекитүү жана алыскы жайыттарды толук пайдалануу, малчыларды график боюнча көчүрүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитети 2014-жылдагы «Мал чарбасын жана рыноктууу өнүктүрүү» долбоору аркылуу жайытты башкарууга, жакшыртууга жана тактоого бериле турган гранттык каражаттын критериясын аткарууну колго алышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевге тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |