Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2014-жылдын 9-декабры № 18/7
«Чекилдек» үрөөн фондусун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын II-беренесинин негизинде, Чекилдек айылында «Чекилдек» коомдук үрөөн фондусун ачуу жөнүндө чогулуштун токтомун угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОК ТОМ КЫЛАТ:
Чекилдек айылында «Чекилдек» коомдук үрөөн фондусун түзүү жөнүндөгү чогулуштун токтому жана коомдук үрөөн фондунун уставы бекитилсин.
Үрөөн фондуга тийешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жана юридикалык каттоодон өткөзүү жагы коомдук үрөөн фондунун төрагасы Ракунов Жумабекке тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевге жүктөлсүн.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |