Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2014-жылдын 9-декабры № 18/8
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо айылына маданий спорт борборун курууга тендер өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылына маданий спорт борборун курууга айыл өкмөтүнө келип түшкөн акча каражатына тендер өткөрүү үчүн Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымованын сунушун жана Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 13-статьясына ылайык, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I.Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылына маданий спорт борборун курууга тендер өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй курамда тендердик комиссия түзүлсүн.
С.Сыдыгалиев – Тендердик комиссиянын төрагасы - жер турак жай, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис
Комиссиянын мүчөлөрү:
2. З. Исабаева- Кочкор райондук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары
3. Ж. Алыбаев - Айылдык Кеӊештин депутаты
4. Т.Айсаналиев- Куруучу, көзөмөлдөөчү
5. Т.Рысбаев- Мамлекеттик сатып алуу боюнча адис
II. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевге милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.М. Букамбаев |