Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-2
Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
(План тиркелет)
2.Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы кезектсиз IV чакырылыш XIX сессиясынын №2 токтомуна №1 тиркеме
|
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэринин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаев
2. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы
3. Ноокат шаардык мэриясынын 2013-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга шаардык кенешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы
4.Ноокат шаардык мэриясынын 2015-2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчысы Г.Жолдубаева
II чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаардык мэриясынын киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиевдын аткарган иштери тууралуу отчету.
Билдирүү берет: Киреше бөлүмүнүн башчысы М.К.Салиев
2.Ноокат шаар мэриясынын социал маселелер боюнча адисинин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаар мэриясынын социал маселелер боюнча адиси.
3.Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин башчысы Ж.Нуридинов
4.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Комунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси А.Кадиров
III чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын 2015-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Туруктуу комиссия
3.Ноокат шаардык мэриясынын вице мэри Д.М.Тажибаевдын отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын вице мэри Д.М.Тажибаев
1.Ноокат шаарынын 2015-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Туруктүү комиссия
3. Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчысы Г.Жолдубаеванын отчету
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчысы Г.Жолдубаева
II. Уюштуруу практикалик иш чаралар.
1 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз РеспубликасынынОш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана токтомдорун, буйруктарын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана атуулдардын арыз-даттанууларына өз убагында жооп берүүнү камсыз кылуу. | I-чейрек 2015-жыл | Шаардык кеңештин аппараты |
2 | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин №269 токтомунун негизинде шаардын аймагында медицина тармагында аткарылып жаткан иш- чаралар боюнча анализ маалымдоо
| II-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
3 | Билим беруу тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги инвентарлардын жана компютердик класстардын учурдагы абалын талдоо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги спортук аянтчалар жана спорт залдардын абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5 | Шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын иш жургузуусуно комок корсотуу
| Дайыма | Шаар кеңештин аппараты |
6 | Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларын жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин чечимдерин жана тиешелуу кенештин регламенти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жузоого ашырууда аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу туруктуу комиссиялардын отурумунда маселе карап сессиянын кароосуна сунуштоо:
| Апрель, май, июль, сентябрь | Шаар кеңештин аппараты |
7 | Шаар мэриясында иштеген муниципалдик кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаар кеңештин аппараты |
8 | Атуулдардан келген арыз даттануулар менен иштөө, аларга мыйзам чегинде өз убагында жооп берүү | Дайыма | Шаар кеңештин аппараты |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу | Атайын графиктин негизинде | Шаар кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар |
10 | Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
11 | Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
12 | Шаардык мэрияда иштеген муниципалдык кызматкерлердын бош орундарына кадрларды конкрустук жол менен кабыл алынуусун уюштуруу | Дайыма | М.Ярматов, шаар кеңештин аппараты |
13 | Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо | Кесиптик майрамга карата | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
14 | Жергиликтүү кеңештин чыгып калган депутаттарынын ордун толуктоо көрүү | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Шаар кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |