Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги V чакырылышынын XI сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-3
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги X сессиясынын заседаниесинин 2014-жыл 26-февралындагы №X-11 токтомун Ноокат шаарынын аймагындагы жер аянттарын сатууга 2015-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыялоо жөнүндө кайрадан жанылап берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагын кеңейтүү маселеси каралып жаткандыгын эске алып, ошондой эле борбордук көчөлөрдүн кызыл сызыктары такталып, жолдордун кеңейтилишине шарт түзүү максатында, муниципалдык менчик департаменти тарабынан реестрин такталаганга чейин Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясына тиешелүү болгон обьекттердин мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан реестрин такталаганга чейин шаардын аймагындагы жер аянттары, конкрустук, аукциондук жана түз сатуу жолу менен сатууда 2015-жылдын 31-декабрь күнүнө чейин мораторий жарыялансын.
2.Ушул токтомдун бир нускасы маалымат катары Ноокат шаардык мэриясына берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |