Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-5
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын ХХV партсьезд көчөсүнүн №47 үйүнүн тургуну Маматалиев Мухиддин Нурмаматовичга тиешелү болгон жеке менчик жер аянтынын 1400 чарчы метр ичинен 100 чарчы метринин багытын соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №31 үйүнүн тургуну Ташматов Махмуджанга тиешелү болгон жеке менчик 500,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 118,8 чарчы метринин багыты элге кызмат көрсөтүүчү коммерциялык дүкөн деп өзгөртүлсүн.
3.Ноокат шаарынын М.Абдуллаев атындагы көчөсүнүн тургуну Махкамов Сардор Собировичке тиешелү болгон Ноокат шааарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу 38,7 чарчы метр аптека имаратынын багыты стоматолигиялык каана деп өзгөртүлсүн.
4.Ноокат шаарынын М.Эргашов көчөсүнүн тургуну Мурзакулов Советбек Сыдыковичке тиешелү болгон 800,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 408,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын медициналык борбор деп өзгөртүлсүн.
5.Ноокат шаарынын Атаназар-Кары атындагы көчөсүнүн тургуну Мирзаева Каримага тиешелү болгон 60 чарчы метр жеринин ичинен 36 чарчы метр жер тилкесинин багыты УЗИ канасы деп өзгөртүлсүн.
6.Ноокат шаарынын Бадалов көчөсүнүн тургуну Валиханов Абдулвахобга тиешелү болгон жеке менчик 700 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 600 чарчы метринин багыты ашкана деп өзгөртүлсүн.
7.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |