Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-6
Ноокат шаар мэриясынын аймагында аткарылбай калган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагында аткарылбай калган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагында 2014-жылы аткарылбай калган жумуштарга кошумча түшкөн киреше 3 457 801 сом жана атайын эсеб счетунан калган калдык 159 070 сом эсебинен төмөндөгү акча каражат ажыратылып берилсин:
- 2512 -Ташлак участкасына труба орнотууга -20 000 сом.
- 2512-Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоо үчүн -180 000 сом.
- 2512-А.Абдуллаев атындагы орто мектептин спорт зал фундаментине ОсОО “Аскарбек-Ата” -97 470 сом.
- 2512-Ноокат шаарындагы борбордук мечиттин алдындагы сайга гобион сетка -72 900 сом.
- 2512-Бостон, Кара-Турпак участкасына көпүрө үчүн (кошумча) -127 650 сом.
- 3111-А.Абдуваитов мектебине көмүр сактоо үчүн навес курууга -240 000 сом.
- 3111-А.Абдуллаев мектебине көмүр сактоо үчүн навес курууга -200 000 сом.
- 3111-Бостон аймагында Өзгөчө кырдалдар министрлиги тарабынан курула турулган көпүрөгө өз салымын кошуу үчүн -900 000 сом.
- 3111-“КОЕН” водозаборунун айланасын тосуу үчүн -300 000 сом.
- 3112-Абдуваитов атындагы орто мектебине трансформатор (КТП) орнотуу үчүн -310 000 сом. 3112-Муниципалдык менчик департаментин бөлмөлөрүнө мебель, инвентарь жана занавеска орнотуу -67 400 сом.
- 3112-Ташлак участкасына трансформатор (КТП) орнотуу үчүн -310 000 сом.
- 22154 (башка чыгымдарга): -Ноокат райондук архивине -20 000 сом.
- Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде -2460 сом.
- Райондук архитектурага АПЗ даярдоо үчүн (КТП), У.Салиева атындагы балдар бакчасынын түндүк-батыш тарабына кошумча бөлмө курулушуна (АПЗ) -16 654 сом.
- Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине канцеляриялык буюмдар үчүн -7500 сом.
- Ноокат шаарынын аймагындагы жолбун иттерди атууга -50 000 сом.
- 2221-Н.Крупская мектебинин от казандарын жана көмүр сактоочу кампасын ремонттого -300 000 сом.
- 22151-Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин курулуп жаткан спорт залынын курулушуна техникалык көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн -10 000 сом.
-Мэрия имаратынын курулушун көзөмөлдөөгө (надзор) -44 000 сом.
- 2212-ОАО “Кыргызтелеком” -23 152 сом.
- 22154-УГНС -2 735 сом.
-3111-Шаар мэриясынын жаны имаратына пластик эшик-терезе жасоо үчүн ЧП “Раимбердиев Ж” -9 500 сом.
-2214-Ноокат шаарынын вице мэри Д.М.Тажибаевдин менчик автоунаасына бензин кую үчүн МПА ГСМ -5 000 сом.
-22154 (башка чыгымдарга):
-Шаардын аялдар кеңешине плакат даярдоого ЧП “Алматов” -600 сом.
-Шаардын аймагындагы мектептерге журнал алуу үчүн ЧП “Курбанова” - 40 780 сом.
- 2111-Техперсоналдардын эмгек акысына -85 288 сом.
- 2121-Соцфондга -14 712 сом.
- 2218-Шаардын аймагындагы балдар бакчаларынын тамак-ашына-159 070 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |