Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-7
Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы) түзүмүн персоналдык курамдарына өзгөртүү киргизуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттык фракциялардын сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, маселени талкуулоодо депутаттык фракциялар, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 32-беренесинин 2-пункутуна жана шаардык кеңештин (IУ – чакырылышы) 2013-жылдын 6-июлундагы кезексиз IV чакырылыш IV сессиясынын №10 токтому менен бекитилген Регламентине негиз, Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-июнундагы II-I токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы) алдындагы ар дайым иштөөчү туруктуу комиссияларынын персоналдык курамына “Билим берүү , саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы”нын мүчөсү Моминов Махмуджон Турдукулович “Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссия”сына өткөрүлсүн.
2. Ноокат шаардык кеңешинин (IУ – чакырылышы) алдындагы ар дайым иштөөчү туруктуу комиссияларынын персоналдык курамына “Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөсү Маманова Асылкан Мамановна “Билим берүү , саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссия”сына өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.М.Гафаровга тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |