Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеӊешинин кезектеги IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 29-январы № XIX-8
Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен салыктарды жана жыйымдарды көбөйтүү максатында (келишимдин негизинде) штаттык бирдик ажыратып берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук составды каттоо департаменти менен өз ара макулдашуунун негизинде шаардык мэриянын жергиликтүү бюджетин жогорулатуу максатында, маселени талкуулап Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук составды каттоо департаменти менен макулдашуунун негизинде шаардык мэриянын жергиликтүү бюджетин жогорулатуу максатында, иш жүргүзү үчүн штаттык бирдик ажыратылып берилсин.
2.Шардык мэриясынын 2015-жылдын бюджетине өзүнүн эсебинен түшүрүлгөн кирешенин эсебинен 85 000 (сексен беш) миң сом акча каражаты эмгек акысы үчүн төлөнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |