Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-марты № XII-I
Депутаттык мандат жөнүндө
Найман айылдык Кеңешинин №5417 Найман шайлоо округунан шайланган депутат Пазылов Кубаныч Маликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмчөсүндө белгиленгендей ушул эле мыйзамдын 24-беренесинин 7-бөлүмчөсүнө ылайык жыл ичинде айылдык Кеңештин сессиясына 6 жолу катышпагандыгына байланыштуу Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык Кеңешинин №5417- Найман шайлоо округунан шайланган депутат Пазылов Кубаныч Маликовичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүүнү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Найман айылдык Кеңешинин №5417- Найман шайлоо округунан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |