Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № XIII -3
Найман айыл аймагынын Улуу Тоо айылына чек ара тозотун куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.
Найман айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы кезексиз сессияга сунушталган № 37 токтомун карап,Улуу Тоо айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектешкен жерине чек ара кызматкерлерин чек араны коргоо жана чек ара тозотун куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү максатында Найман айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн № 37 токтому менен Улуу Тоо айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектешкен жерине чек ара тозотун куруу үчүн 0,80 га жер тилкесин ажыратып берилсин.
2. Бекитилип берилген жер тилкесине тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, каттап берүү жагы Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Найман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |