Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № 37
Найман айыл аймагынын Улуу Тоо айылына чек ара тозотун куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматы 2024 аскер бөлүгү тарабынан 2014-жылдын 5-августундагы жолдонгон №260 катынын негизинде, Найман айыл аймагынын Улуу Тоо айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектешкен жерине чек ара кызматкерлерин чек араны коргоо жана чек ара тозотун куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү максатында Найман айыл өкмөтү:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылынын Өзбекистан Республикасы менен чектешкен жерине чек ара тозотун куруу үчүн 0,80 га жер тилкесин ажыратып берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Найман айылдык Кеңешине сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана чек ара тозотун курууга жер тилкесин ажыратып берүү үчүн керектүү документтерин даярдап берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн жер,коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А.Тешебаевге милдеттендирилсин.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |