Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № XIV -2
Найман айыл аймагындагы Ленин көчөсүндөгү трансформаторду каттоо иштерин алып баруу жөнүндө.
Найман айыл аймагынын Ленин кочөсүндөгү трансформатордун АПЗ,ИПШ сын жана керектүү документтерин тактоо максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүндөгү трансформаторго керектүү документтер такталып,каттоого алынсын.
2. Трансформатордун керектуу документтерин тактап,АПЗ,ИПШсын түздүрүү жана энерго паспорт алуу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 20 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |