Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № XIV -I
Найман айыл аймагында калктын жана экономикасынын тармактарын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жана электр энергиясынын лимитин сактоо жөнүндө.
Найман айыл өкмөтүнүн калкын жана экономикасынын тармактарын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды жүргүзүү жана электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл өкмөттүн аймагындагы бардык мектептерге бала бакчаларда жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясыгна жеткирген лимитин сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы бюджеттик мекемелер жана калк электр энергиясына белгиленген лимит сакталсын,белгиленген лимиттен ашкан учурда айыл өкмөттүн аймагында электр энергиясын кошумча өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
3. Жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9-00дөн кечки 18-00гө чейин,кыш мезгилинде эрте мененки саат 9-00 дөн кечки 17-00гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирилсин.
4. Мектептерди жана балдар бакчаларын кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин,демөөрчүлөрдүн колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарын сатып алууну уюштурушсун.
5. Айыл өкмөттүн аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн көмүр сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана көмүрдүн баасын туруктуу баада сатылышын көзөмөлгө алынсын.
1. Райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери менен көчө комитеттер биргеликте электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякташсын.
2. Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери ,таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калың катмарына жеткирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |