Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-августу № 14
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңеңинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ез алдьшча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин уюштуруу документгерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында.
Достук айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын «.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин Регламенти бекитилсин.
2.»Достук айыл аймагынын айылдык Кенеши» мекемеси мамлекеттик кайр каттоодон өткөрүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы 'Г^.Абдырасуловго жүкгөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайм.
Достук айыл аймагынын Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Божокоев |
| Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламенти 2013-жылдын 19-августундагы №14 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо
2. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ыйгарым укуктары
3. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
4. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
5. Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
6. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
9. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
10. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актылары
11. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
12. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары
13. Регламентти бекитүү өзгөртүү жана толуктоолорду ки ргизүүнүн тартиби
14. Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Жалпы жобо
КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык Достук айыл аймагынын айылдык Кеңеши (мындан ары айылдык Кеңеш) – Достук айыл аймагынынын айылдык Кеңештин депутаттарынын турган 4 жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
Айылдык Кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык Кеңештин депутаттары шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
Депуттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт: 1 (айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын) 2 (айылдык Кеңештин жоопту катчысынын) 3 (айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин) 4 (КР Жогорку Кеңешинин депутатынын) 5 (+кмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын).
Айылдык Кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жерден 1-январына карата абал боюнча Дотсук администрациялык аймактык бирдиктин калыкынын сататистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 11 депуттатан турат.
Депуттатык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн 1 (Туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде. 2 (депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда. 3 (мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо. 4 (депутаттыкмандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде) (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагалганда) 5. (депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда 6 (депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде) 7 (жыл ичинде Кеңештин сессияларына жүйөлү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда) 8 (депутаттка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде) 9 (Кеңеш таркатылганда.
Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын , башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары,бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
Айылдык кеңеш өз иш- милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чыгарылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
Айылдык кеңештин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.КР Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана КР мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айылдык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелер боюнча өз чечимдерин айылдык Кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө акылдашат.
Айылдык Кеңеш өзүнүн ишин, КР Конституциясынын Мыйзамдарынын КР Президентинин КР +кмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын жана ушул Регламентинин негизинде жүргүзөт.
Айылдык Кеңештин Регламенти айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт уюштуруучулук жана укуктук негиздерин туруктуу жана убактылуу комиссияларын структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
Айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук формасы мекеме.
Толук аталышы Мамлекеттик тилде: «Достук айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемеси, Расмий тилде: «Учреждение «Айылный Кеңеш Достукского айылного аймака».
Айылдык Кеңештин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Достук айылы, Энергетик көч., №10.
Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары
Айылдык Кеңеш КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтомду кабыл алат.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө
Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу.
Аймактык социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышы контролдд
Жергиликтүү салыктарды, жыйындарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча стафкаларды аныктоо
Жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчикти обүьтилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Жергиликтүү жамаатын уставын бекитүү .
Тишелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Кеңештин төрагас ын, орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, Кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу.
Кеңештин Регламентин кабыл алуу.
+з чечимдерин аткарылышына контролдук кылуу.
+кмөт тарабынан аныкталуучу типтүү чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруу органынын штаптык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү.\
Муздак сууну, конализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылынгандык үчүн тарифтерди бекитүү.
Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өктөрүүгө тыюуу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо
Иригарциялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо.
Жергиликтүү жамаатын уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
Айылдык Кеңештин сессияларында кошумча иреетинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо
Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү
Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык стафканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитети баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жүктөлгөн стафкаларын аныктоо
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чамындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо
Айылдык Кеңештин сессиясы.
Айылдык Кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук- укуктук формасы болуп эсептелет.
Айылдык Кеңештин сессиясы жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укуктук ченемдүү болот, айылдык Кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечилип кабыл алат.
Жаңы шайланган айылдык Кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган Кеңештин төрагасы тарабынан айылдык Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттө кечиктирилбестен чакырылат.айылдык Кеңештин биринчи сессиясын айылдык Кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
Айылдык Кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде 3/1 нин талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген Регламенттке ылайык сессияларга катышууга укугу бар, айылдык Кеңеш эгерде каралуучу меселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн баардык шарттарды түзүүгө ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
Кеңешти сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуу чу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоорун Кеңештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.
Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары Кеңештин жалпы депутаттарынын бирден үч бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
Депутаттар тарбынан белгиленген кезексиз сессиянын чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселеллерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалддарды иш планда бекитилген жоопту адамдар даярдайт ал эми пландан тышкаркы каруулу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
Кеңештин чечими менен Кеңештин компетенсиясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан адистерден коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн
Айылдык Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарынын өзүнүн талпкерлигин сунуштоого
Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга
Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого
Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чагарууну сунуштоого
Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого
Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жазоого (орой мамиле жазоого, абройуна шек келтирүүгө жол берилбейт)
Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселени чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоого добуш берүүгө
Жашыруун жабык добуш берүүнүн уюштуруунун тартиби
Айылдык Кеңештин 1 сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны үч депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын, мүчөлөрүн бекитет) добуш берүү бюлитенинин добуштарды берүү яшигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт
Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап ар бир депутаттардын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоону милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюлитенге алфавиттик тартип менен жазылат добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюлитендендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
Бюлитенге талапкерлердин фамилиясы ,аты, атасынын аты паспорт же өздүк документти боюнча толтутурулат. Бюлитенге башка маалыматтар жазылбайт.
Ар бир кондидатуралар боюнча «колдогону», «каршысы» болгону жана «бузулган» бюлитерндер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
Төраганын орун басарлыгына сушунталган талапкер ачык добушка коюлат добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар да түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктардын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша , жана туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлгөн айылдык Кеңешти туруктуу комиссияларынын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
Туруктуу комиссиянын жеке Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык Кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу .
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечидерди кабыл алат.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачылык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары 1) Кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тишелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат 2) айылдк аймактын социалдык маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдына башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет. 3) +зүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жан бюджеттин пландардын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын пикирин даярдайт, зарылчлык туулса, аларды Кеңешке киргизет.4) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат; 5) КР мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагын кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканаларды, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары иши.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчөө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына карген маселелер комиссиялардын демилгеи боюнча, ошондой эле айылдык Кеңештин тапшырмасы боюнча коммиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын баардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышта.
Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
Айылдык Кеңештин аппараттарынын ишин материалдык техникалык жактан камсыз кылуу – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
Айылдык Кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депуттарттардын жалпы санына көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык Кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да Кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык Кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарга белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары КР мыйзамында белиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык Кеңештин чечимдери КР мыйзамадарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы
Айылдык Кеңештин төарагасы Кеңештин сессиясында жергиликтүү Кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын 3/1 нин демилгеси боюнча айылдык Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде 3/2 нин көпчүлүк добушу менен айылдык Кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл Кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
Айылдык Кеңештин төрагасы: 1) айылдык Кеңештин сессиясын чакырат 2) Сессияларга төрагалык кылат 3) айылдык Кеңештин чечимдерине кол коет 4) айылдык Кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди актарат.
Айылдык Кеңештин төрагасы КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, КР мыйзамдарына ылайык КР ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жазайт.
Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары
Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
Айылды Кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткраууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
Айылдык Кеңештин төарагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык Кеңештин депутаттарынын 3/1 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
Регламентти бекитүү.
Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын топто каралат.
Айылдык Кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ КР мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктардын токтотулушу
Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары айылдык Кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
Айылдык Кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн: 1) айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 3/2 ден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча,. 2) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан,. 3) Кабак айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учуурларынад.
+зүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык Кеңештин чечими Кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн КР Президентине жиберилет.
Чек-араларын өзгөртпөстөн администрациялык аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык Кеңешти таркатууга алып келбейт КР Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык Кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тишелүү администрациялык – аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
Айылдык Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө жарлыгы Расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
Айылдык Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.