Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 2
“Бешик-Жон айыл аймагындагы аксакалдар сотунун жана участкалык милициянын 2014-жылы аткарган иштери боюнча бир жылдык отчету жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагындагы аксакалдар сотунун жана участкалык милициянын 2014-жылы аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы аксакалдар сотунун төрагасы Сулайманкулов Жамалдиндин жана участкалык милиция Чаргинов Уларбектин «Укук бузуулардын алдын алууда аракетчиликке жана бангичиликке каршы күрөшүүдө жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» бир жылдык отчету канааттандырылсын.
2. Отчет боюнча айтылган кемчилдиктер жана сунуш -пикирлер 2015-жылга түзүлгөн иш пландарына киргизилип, аткарууга алынсын.
3. 2015-жылга аксакалдар сотунун иш кагаздарына , аксакалдар сотунун элдик кошунуна эмгек акы төлөп берүү жана участкалык милициянын куз-кыш мезгилине той-тамаша көбөйүп үйүнд\ соода ишин жүргүзүп жаткан кичи дүкөндөрдүн түнкүсүн саат 10-00дөн кийин соода кылгандарга тыюу салып, тунку рейд жүргүзүү үчүн айыл өкмөт тарабынан жылына бир жолу бензин менен каржылоо жагына акча каражатын карап чыгуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына жана Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Кичи соода түйүндөрүн азайтуу үчүн стандартка жооп бербегендерге мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
5. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |