Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 4
“Коллективдүү пайдалануудагы жер аянтын тамарка жер аянтына которуу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын пайдалануусундагы жерлердин экспликациясында 120га жер аянты жалпы коллективдүү пайдалануудагы жер аянты болуп каттоодо жүргөндүгү, бирок мындай жер айыл аймакта жок экендиги жана бул 120га жерди Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тамарка жер аянтына которуп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын пайдалануусундагы жерлердин экспликациясында 120га жер аянты жалпы коллективдүү пайдалануудагы жер аянты болуп каттоодо жүргөндүгү, бирок мындай жер айыл аймакта жок экендиги жана бул 120га жерди Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн тамарка жер аянтына которуп берилсин.
2. 120га жерди тамарка жер аянтына которуп берүү жагы Базар-коргон райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармасынан суроо жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Абдылазовко милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Агрардык саясат, азык-түлүк , экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |