Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 4
“КДКИ-III долбооруна мониторинг жана баалоо комиссиясын түзүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, “КДКИ-III» долбоорунун жана анын “Дарыялардын боюнда жакыр үй чарбаларынын талды тигип-өстүрүүсүн түзүү” компонентин ишке ашыруу максатындагы Бешик-Жон айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун долбоор боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КДКИ-III» долбоорунун жана анын “Дарыялардын боюнда жакыр үй чарбаларынын талды тигип-өстүрүүсүн түзүү” компонентин ишке ашыруунун максаттарын ,милдеттерин, принциптерин жана механизимдерин көнүлгө алып жана айыл аймагында бул долбоорду ишке ашыруунун күтүлгөн пайдасын эске алып, жерлерди рационалдуу пайдалануу жана Бешик-Жон айыл аймагынын жакыр калкы менен ишти алып, жакырчылыктан чыгаруу максатында “КДКИ-III» долбоору боюнча Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы №263-б буйругу менен түзүлгөн тандоо, мониторинг жана баалоо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы: Бурканов Ж. (а/о башчысынын орун басары)
Комиссия мүчөлөрү:
Сакабаев К.- Баймундуз айыл башчысы,
Жудомушов Керимбек- Карача айыл башчысы,
Арзиева М.- демилгелүү топтун жетекчиси,
Курбанбеков Н.- айылдык кенеш депутаты.
2. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынган Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынан көп жылдык мөөнөткө келишим түзүү менен 2,0 жер бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы айылдык кенештин алдында түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Агрардык саясат, азык-түлүк , экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |