Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 6
“Айыл аймагындагы таза суу түтүкчөлөрүн санитардык гигиеналык, бактериологиялык лабораториядан өткөрүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы, Базар-Коргон райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2014-жылдын 3-декабрындагы №349-катын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы элди жугуштуу оорулардан сактоо максатында жүргүзгөн санитардык гигиеналык, бактериологиялык лабороторияларга алынган үлгүлөрдүн прейскурант боюнча 19650сому Базар-Коргон РОААжМСЭКБруна айыл өкмөттүн экономдолгон статьяларынан которулуп берилсин.
2. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом жаряланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кенешинин алдындагы Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маманов |