Редакцияот 10.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык Кенешинин кезектеги (IV чакырылышынын) XXIII заседаниесинин

 

 

2012-жылдын 10-октябры № XXIII-1

Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акчаны бөлүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564700 сом калдык акча төмөндөгү тармактарга:

1) башкаруу аппаратына- 85 300 сом

2) маданият бөлүмүнө- 110 600 сом

3) эл агартуу бөлүмүнө- 230 000 сом

4) таза сууга- 138 800 сом

анын ичинен:

-башкаруу аппаратына-30900 сом

-маданият бөлүмүнө- 2200 сом

-эл агартуу бөлүмүнө- 10570 сом , жалпысы 138800 сом бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы акча каражатты бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ш. Сапарова