Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры № XXIII-3
Найман айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн фаэсин оңдоп, түзөөгө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн фаэси өтө начар абалда болгондуктан, аны оңдоп-түзөп, ремонттон өткөрүп, жаштардын майрамдык кечелерин өткөрүүгө шарт түзүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн фаэсин ремонттон өткөрүү үчүн Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2012-жылдын 1-январындагы 564000 сом калдык акчанын эсебинен 60000 (алтымыш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатты бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| |
Найман айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ш. Сапарова |