Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-февралы № X-2
Найман айылындагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга берилүүчү лицензия жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө жашаган эркектер айрыкча анын ичинен жаштар ичкенчиликке берилип кетип жаткандыктан Найман айыл өкмөтүндө жайгашкан лицензиясы жок дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча 11.02.2013-жылы №2 буйрук чыккан. Буйруктун бир айлык жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык деңгээлде аткарылды. Ушул буйруктун негизинде дүкөндөргө лицензия алдырбоо максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүндөгү дүкөндөргө спирт ичимдиктерин сатуу үчүн лицензия бербөө жагы,лицензия берүүчү мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет,экономика,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |