Редакцияот 05.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык Кенешинин кезектеги (V чакырылышынын) V заседаниеси

 

2013-жылдын 5-марты № V-5

Найман айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен КР ЖК нын 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген кайра бөлүштүрүү жерлеринен ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобосуна КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып айыл өкмөттүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө

Найман айыл өкмөтүндө 2013-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 50 га кайрак жер фондунун жерлери бар анын ичинен 3 га жер жол болуп эсептелет. Ошол фонддун жерлери Улуу Тоо участкасында жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин туура пайдалануу жана абалын жакшыртуу жана КР ЖК нын мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы 1977-III жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында Найман айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Найман айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин КР ЖК нын мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III талабына ылайык ижарага берилсин.

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 1 га жердин баштапкы баасы соц.фонд взносторун жер салыгын кошуп эсептегенде 426 сом өлчөмүндө эсептелет.

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү айыл өкмөтүнүн фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына тапшырылсын.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Эрматов