НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кенешинин кезектеги (V чакырылышынын) V заседаниеси
2013-жылдын 5-марты № V-3
Найман айыл өкмөтүндөгү салык жанажыйымдар боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдонууга киргизүү жана айыл өкмөттүн жашоочуларынын женилдик алуучулар жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндөгү жашоочуларына салыктар жана жыйымдар боюнча жеңилдик алуучу үй-бүлөлөрун карап жана талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман поселкалык Округдун аймагындагы кожолуктардын тамарка жерлерине салык төлөөнү бир сотигине 10 (он сом) ал эми таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салыгы 75 (жетимиш беш сом) болуп бекитилсин.
2. Найман айыл өкмөтүндө женилдик алуучу кожолуктары;
- таштандыны ташып чыгаруудан алуучу салыктан бошотулган кожолуктардын саны 14 (он торт) суммасы 1050 сом;
- 8 сотигине чеинки тамарка салыгынан бошотулган көп балалуу уй-бүлөө 22 кожолук суммасы 1740 сом ;
- I-II топтогу майыптар 26 кожолук суммасы 1870 сом
- пенсионерлер 74 кожолук суммасы 5790 сом,. жалпы тамарка салыктарына женилдик берилген суммасы 9400 сомду тузөт. 2013-жыл учун салыктар жана жыйымдардан жеңилдик алуучу 136 кожолук суммасы 10450 сом салык төлөмунөн бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Найман айыл өкмөтүнун кирешелер боюнча адисине жана финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |