Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык Кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) VII заседаниясы
2013-жылдын 31-майы № VII-2
Найман айыл өкмөтүнүн аймагында жерге жана мүлккө салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгунүн негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексин ишке киргизүү боюнча 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 токтомунун негизинде Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Найман айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин:
- Мүлккө болгон салык
- Жерге болгон салык
2. Токтомдун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык түрлөрү Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде ишке ашырылат.
3. Кабыл алынган токтом бекитилип,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Эрматов |